12-февраль күнү Бишкекте маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды.
Иликтөөчү журналисттер арасындагы аталган сыйлык экинчи жылы ыйгарылды. Сынакты "Журналисттик иликтөө фонду" уюштурган.
Сыйлоо аземине экс-президент Роза Отунбаева, апасы Сариева Жыпаркүл, жубайы Абдинабиева Сапаргүл, саясатчылар, ишкерлер жана журналисттер катышты. Комиссиянын чечими боюнча жеңүүлөр деп төмөнкүлөр аныкталды:
3-орун -"FactChek" басылмасынын редактору Болот Темировго, Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын изилдеген ишине ыйгарылды.
2-орун - "Кloop Media"басылмасынын Ататүрк паркы тууралуу иликтөөсү .
1-орунга "Азаттык","Kloop Media" жана "Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтөө долбоору" чогуу жасаган Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу иликтөөсү татыктуу болду.
Эскерте кетсек, 12-февралда жыл сайын иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат.