Маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

12-февраль күнү Бишкекте маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды.



Иликтөөчү журналисттер арасындагы аталган сыйлык экинчи жылы ыйгарылды. Сынакты "Журналисттик иликтөө фонду" уюштурган.

Сыйлоо аземине экс-президент Роза Отунбаева, апасы Сариева Жыпаркүл, жубайы Абдинабиева Сапаргүл, саясатчылар, ишкерлер жана журналисттер катышты. Комиссиянын чечими боюнча  жеңүүлөр деп төмөнкүлөр аныкталды:

 3-орун -"FactChek" басылмасынын редактору Болот Темировго, Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын изилдеген ишине ыйгарылды.

 2-орун - "Кloop Media"басылмасынын Ататүрк паркы тууралуу иликтөөсү .

1-орунга "Азаттык","Kloop Media" жана "Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтөө долбоору" чогуу жасаган Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу иликтөөсү татыктуу болду.

Эскерте кетсек, 12-февралда жыл сайын иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат.

Маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды Маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться