Главная > Новости "Медиа Манас" > Маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

Маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды


13 февраля, 10:49. Разместил: aynagul

Иликтөөчү журналисттер арасындагы аталган сыйлык экинчи жылы ыйгарылды. Сынакты "Журналисттик иликтөө фонду" уюштурган.

Сыйлоо аземине экс-президент Роза Отунбаева, апасы Сариева Жыпаркүл, жубайы Абдинабиева Сапаргүл, саясатчылар, ишкерлер жана журналисттер катышты. Комиссиянын чечими боюнча  жеңүүлөр деп төмөнкүлөр аныкталды:

 3-орун -"FactChek" басылмасынын редактору Болот Темировго, Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын изилдеген ишине ыйгарылды.

 2-орун - "Кloop Media"басылмасынын Ататүрк паркы тууралуу иликтөөсү .

1-орунга "Азаттык","Kloop Media" жана "Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны иликтөө долбоору" чогуу жасаган Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу иликтөөсү татыктуу болду.

Эскерте кетсек, 12-февралда жыл сайын иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат.


Вернуться назад