Япониядагы изилдөө » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Япониядагы изилдөө

"Жаңы күн" программасында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин инженердик факультетинин окутуучусу Айчүрөк Мажитова конокто болду.



Айчүрөк Мажитова эл аралык "Мацумаэ" фондунун илимий гранты менен Японияга барып , "Кумамото" университетинде 6 ай аралыгында изилдөө иштерин жасап келген жана эл аралык "Мацумаэ" фондунун медалы менен сыйланган.

Эфирде кыялдануудан баштаган Японияга кандайча барып калганы жана "Кымыздын белок фракцияларын изилдөө" аталышындагы темада изилдөө жасаганы тууралуу кененирээк маалымат менен бөлүшүп отуруп, изилдөөсү дагы да уланаарын айта кетти.

Маектин жүрүшүндө "Япон эли өзүнүн тартиптүүлүгү, кишиге болгон урмат-сыйы , кичипейилдиги менен таң калтырды" - деди Айчүрөк Мажитова.

Жазган: Гипариза Асанканова


Загрузка плеера...


Япониядагы изилдөө Япониядагы изилдөө Япониядагы изилдөө

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться