Главная > Новости "Медиа Манас" > Япониядагы изилдөө

Япониядагы изилдөө


2 февраля, 09:14. Разместил: gulzira

Айчүрөк Мажитова эл аралык "Мацумаэ" фондунун илимий гранты менен Японияга барып , "Кумамото" университетинде 6 ай аралыгында изилдөө иштерин жасап келген жана эл аралык "Мацумаэ" фондунун медалы менен сыйланган.

Эфирде кыялдануудан баштаган Японияга кандайча барып калганы жана "Кымыздын белок фракцияларын изилдөө" аталышындагы темада изилдөө жасаганы тууралуу кененирээк маалымат менен бөлүшүп отуруп, изилдөөсү дагы да уланаарын айта кетти.

Маектин жүрүшүндө "Япон эли өзүнүн тартиптүүлүгү, кишиге болгон урмат-сыйы , кичипейилдиги менен таң калтырды" - деди Айчүрөк Мажитова.

Жазган: Гипариза Асанканова


Вернуться назад