Футбол: Тажикистан менен боло турган оюнга даярдыктар кызуу жүрүүдө » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Футбол: Тажикистан менен боло турган оюнга даярдыктар кызуу жүрүүдө

2018-жылы Орусияда боло турган Дүйнө Чемпиондугуна Азия чөлкөмү боюнча тандап алуу турлары уланууда.



29-мартта улуттук курамабыз коңшу Тажикистандын футболчулары менен жоопту оюнда Душанбеде беттешет. Учурда курамабыздын баардык футболчулары толук курамда машыгууларды жургүзүп жатат.

  Машыгуулар күнүнө эки жолудан өткөрүлүүдө. Катаргакоргоочу Темирлан Козубаев (ФК “Ягодина”, Сербия),чабуулчу Виталий Люкс(ФК “Унтерхахинг”, Грмания) да кошулду. Кошумча маалымат үчүн учурда улуттук курамабыз ФИФАнын рейтинги боюнча 105-орунду ээлеп турат.Жалпы оюнчулардын саны:23. Легионерлер: 12(52,2%), жергиликтүү оюнчулар: 11(47,8%).Команданын орточо жаш курагы:26,9. Кураманын эң улгайган оюнчусу: Кашуба 14.09.1984(31 жаш), эң жашы: Дүйшөбеков 03.06.1995 (20 жаш). Жалпы трансфердик баа: 1,5 млн. Евро. Эң кымбат оюнчу: Антон Землянухин.

                                                                                                    Жазган: Эржан Байкулов.

Футбол: Тажикистан менен боло турган оюнга даярдыктар кызуу жүрүүдө Футбол: Тажикистан менен боло турган оюнга даярдыктар кызуу жүрүүдө

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться