Главная > Спорт > Футбол: Тажикистан менен боло турган оюнга даярдыктар кызуу жүрүүдө

Футбол: Тажикистан менен боло турган оюнга даярдыктар кызуу жүрүүдө


24 марта, 12:52. Разместил: sharizat

29-мартта улуттук курамабыз коңшу Тажикистандын футболчулары менен жоопту оюнда Душанбеде беттешет. Учурда курамабыздын баардык футболчулары толук курамда машыгууларды жургүзүп жатат.

  Машыгуулар күнүнө эки жолудан өткөрүлүүдө. Катаргакоргоочу Темирлан Козубаев (ФК “Ягодина”, Сербия),чабуулчу Виталий Люкс(ФК “Унтерхахинг”, Грмания) да кошулду. Кошумча маалымат үчүн учурда улуттук курамабыз ФИФАнын рейтинги боюнча 105-орунду ээлеп турат.Жалпы оюнчулардын саны:23. Легионерлер: 12(52,2%), жергиликтүү оюнчулар: 11(47,8%).Команданын орточо жаш курагы:26,9. Кураманын эң улгайган оюнчусу: Кашуба 14.09.1984(31 жаш), эң жашы: Дүйшөбеков 03.06.1995 (20 жаш). Жалпы трансфердик баа: 1,5 млн. Евро. Эң кымбат оюнчу: Антон Землянухин.

                                                                                                    Жазган: Эржан Байкулов.


Вернуться назад