Үстүбүздөгү жылда, жер планетасынын жашоочуларын ызгаардуу кыш күтөөрүн айтышууда.
Германиялык метеоролог Доминик Юнгдун эсептөөсү боюнча, 2016-2017 жылдар арасы кыш, акыркы жүз жылда болуп көрбөгөндөй суук болот. Д. Юнгдун айтымында, өзгөчө температуранын төмөндөшү 2017 жылдын январь-февраль айларына туура келет. “Бул феномен абалык массаларынын кыймылынын бузулгандыгынан кабар берет”- дейт Доминик Юнг. “Биз температуранын төмөндөгөнүн байкап жатабыз. Бул муз доорунан, тактап айтканда глобалдык абанын муздоосунан кабар берет”-деп Фобос метеборборунун кызматкери Елена Волосок, немец коллегасын колдоду.
“Кыш өзгөчө Эвропа өлкөлөрү үчүн катаал болот, жаз кеч келип, апрель айында башталат”- деп сөзүн жыйынтыктады Д.Юнг, бул маалыматы Америкалык гидрометеорологиялык кызматы да тастыкташты.(Ш.Б)(dal.by)