Главная > Новости "Медиа Манас" > Бул жылкы кыш адаттагыдан катаал болоору айтылууда

Бул жылкы кыш адаттагыдан катаал болоору айтылууда


25 октября, 10:37. Разместил: sharizat

Германиялык метеоролог Доминик Юнгдун эсептөөсү боюнча, 2016-2017 жылдар арасы кыш, акыркы жүз жылда болуп көрбөгөндөй суук болот. Д. Юнгдун айтымында, өзгөчө температуранын төмөндөшү 2017 жылдын январь-февраль айларына туура келет. “Бул феномен абалык массаларынын кыймылынын бузулгандыгынан кабар берет”- дейт Доминик Юнг. “Биз температуранын төмөндөгөнүн байкап жатабыз. Бул муз доорунан, тактап айтканда глобалдык абанын муздоосунан кабар берет”-деп Фобос метеборборунун кызматкери Елена Волосок, немец коллегасын колдоду.    

“Кыш өзгөчө Эвропа өлкөлөрү үчүн катаал болот, жаз кеч келип, апрель айында башталат”- деп сөзүн жыйынтыктады Д.Юнг, бул маалыматы Америкалык гидрометеорологиялык кызматы да тастыкташты.(Ш.Б)(dal.by)


Вернуться назад