«Рух Ордо» борборунда майрамдык концерт өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Рух Ордо» борборунда майрамдык концерт өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында 4-сентябрда Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда майрамдык концерт өттү.



Көрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл жамааты өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концерттик программада кыргыз элинин элдик-фольклордук ырлары, заманбап кыргыз композиторлорунун чыгармалары, эстрадалык жана аскердик-патриоттук ырлар аткарылды. Ошондой эле Кыргызстандын элдеринин улуттук бийлери тартууланды.

Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программага өзгөчө көрк берип, көрүүчүлөргө кыргыздын музыкалык жана маданий мурастарын кеңири таанытууга шарт түздү.

«Рух Ордо» борборунда майрамдык концерт өттү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться