Главная > Всемирные игры кочевников / Новости "Медиа Манас" > «Рух Ордо» борборунда майрамдык концерт өттү
«Рух Ордо» борборунда майрамдык концерт өттү9 сентябрь, 17:09. Разместил: sharizat |
|
Көрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл жамааты өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттик программада кыргыз элинин элдик-фольклордук ырлары, заманбап кыргыз композиторлорунун чыгармалары, эстрадалык жана аскердик-патриоттук ырлар аткарылды. Ошондой эле Кыргызстандын элдеринин улуттук бийлери тартууланды. Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программага өзгөчө көрк берип, көрүүчүлөргө кыргыздын музыкалык жана маданий мурастарын кеңири таанытууга шарт түздү. Вернуться назад |