VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында 4-сентябрда Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда майрамдык концерт өттү.
Көрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл жамааты өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Концерттик программада кыргыз элинин элдик-фольклордук ырлары, заманбап кыргыз композиторлорунун чыгармалары, эстрадалык жана аскердик-патриоттук ырлар аткарылды. Ошондой эле Кыргызстандын элдеринин улуттук бийлери тартууланды.
Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программага өзгөчө көрк берип, көрүүчүлөргө кыргыздын музыкалык жана маданий мурастарын кеңири таанытууга шарт түздү.