VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей боюнча жеңүүчү аныкталды
4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында тыйын эңмей боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Таймашка 11 өлкөдөн 11 спортчу катышты.
Жыйынтыгында:
1-орун — Канат Бактыбай (Казакстан) — 150 миң сом;
2-орун — Азим Эсенбек уулу (Кыргызстан) — 100 миң сом;
3-орун — Байболат Акылбек (Монголия) — 80 миң сом.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Тыйын эңмей — ат үстүндө чабандестин шамдагайлыгын, тактыгын жана ат башкаруу чеберчилигин талап кылган кыргыздын салттуу ат оюндарынын бири.