“Манас” университети ишкерлер менен кызматташууга даяр » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университети ишкерлер менен кызматташууга даяр



2023-жылдын 12-13-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университети эл аралык тажрыйбага жана билим берүүнүн аккредитациялоо документтерине ээ болгон BINA инкубациялык борбору менен кызматташуу максатында жолугушуу өткөрдү.

Бул кызматташтык бүгүнкү билим экономикасынын өзөгү деп эсептелген ишкерлердин Кыргызстанда эл аралык стандартта билим алуусуна багытталган.

Ректордун кызматташуу боюнча кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу BINA инкубация борборунун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү жана ишти жеринен көрдү.

Жолугушуунун алкагында BINA инкубациялык борборунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор изилденип, учурдагы окуу программалары каралды. Ошентип, “Манас” университетинде ушундай структураны түзүү үчүн кызматташуунун планы жана жол картасы иштелип чыкты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир гана университеттин студенттерине эмес, кыргызстандык ишкерлерге да бериле турган ар кандай каржылоо мүмкүнчүлүктѳрү жана окуу-тренингдерди ѳткѳрүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулду.

BINA инкубациялык борборунун жетекчиси Мустафа Эл Сагезли, долбоордун координатору, доктор Мухаммед Ясин Элмадит жана долбоордун командасы менен ѳткѳн эки күндүк жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алкагында түзүлүшү пландалып жаткан Инкубациялык борборго бардык маселелерде колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришти.

BINA инкубациялык борбору - SESRIC, SPARK, Йылдыз Технопарк жана эл аралык бир катар күчтүү бирикмелер менен кызматташып келет.


Загрузка плеера...


Был проведен семинар по новым подходам к преподаванию иностранных языков Был проведен семинар по новым подходам к преподаванию иностранных языков Был проведен семинар по новым подходам к преподаванию иностранных языков

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться