Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги маалымдайт



Дүйнөдө эң көп турист келген өлкөлөрдөн бири болгон Түркияда, келген коноктор ден соолукта, бейпил жана коопсуз эс алып кетүүсүн камсыздоо үчүн керектүү иш-чаралар дайыма эң жогорку деңгээлде аткарылып келет.
Үстүбүздөгү жылдын 31-июль күнү кечинде Түркиянын алдыңкы туризм борборлорунан бири болгон Чешмеде бир коногубуз дуушар болгон адаттан тыш каргашалуу окуядан кийин Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлиги башта болгон бардык тиешелүү мекемелер аталган окуя боюнча керектүү иш-чараларды аткара баштады.
Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой социалдык тармакта жасаган билдирүүсүндө: “Жума күнү кечинде Чешмедеги болгон окуя, туристтик аймакта таптакыр болбоосу керек жана өзгөчө бир аялга карата жасалган бул каргашалуу окуяны айыптайм.
Бул кабыл алынгыс маданиятсыздык эч кимге пайда алып келбей тургандыгын барыбыз көрөбүз”,-деген пикирин билдирди. Аталган окуя болгон жай жабылды.
Түркия буга окшогон окуяларга сезимтал мамиле кылат жана келген коноктордун бейпилдиги жана коопсуздугу үчүн дайыма эң жогорку деңгээлде иш алып барат.

Украиналык топ-модель Дарья Кирилюк өзүнүн инстаграм баракчасында Түркия Республикасынын желегинин сүрөтүн бөлүшүп, Түрк элине жана Түркия мамлекетине ыраазычылыгын билдирерин айтты: "Чешмедеги  Momo Beach пляжында болгон каргашалуу окуяга байланыштуу кайгымды жана оорумду тең бөлүшкөн сүйүктүү Түрк жарандарына, мага колдоо көрсөткөндөрдүн баарына чоң рахмат айтам. Түркияда убактымды ар дайым кубаныч менен өткөрдүм. Башымдан өткөргөн бул окуяны көзөмөлгө алган Түрк өкмөтүнө, Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой, Өкмөттүн басма сөз катчысы Өмер Челик  мырзаларга бул окуяга сезимтал мамиле кылышкандыгы үчүн өзгөчө ыразычылыгымды билдирем жана бул окуя Түркиянын акыйкаттуу адилет системасында тез арада чечилип күнөлүүлөр керектүү жазаларын тартарын билем.  Муну менен биргеликте Түркияда эс алуу абдан жагымдуу экенин белгилеп, бардыгыңыздарды Түркияда эс алып кетүүгө чакырам".

 

Урматтоо менен билдиребиз.

 

Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги
Басма Сөз Кеңешчилиги

Представительство по Прессе Посольства Республики Турция в КР информирует

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться