Главная > Мир > Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги маалымдайт
Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги маалымдайт6 август, 15:34. Разместил: bn |
|
Дүйнөдө эң көп турист келген өлкөлөрдөн бири болгон Түркияда, келген коноктор ден соолукта, бейпил жана коопсуз эс алып кетүүсүн камсыздоо үчүн керектүү иш-чаралар дайыма эң жогорку деңгээлде аткарылып келет. Украиналык топ-модель Дарья Кирилюк өзүнүн инстаграм баракчасында Түркия Республикасынын желегинин сүрөтүн бөлүшүп, Түрк элине жана Түркия мамлекетине ыраазычылыгын билдирерин айтты: "Чешмедеги Momo Beach пляжында болгон каргашалуу окуяга байланыштуу кайгымды жана оорумду тең бөлүшкөн сүйүктүү Түрк жарандарына, мага колдоо көрсөткөндөрдүн баарына чоң рахмат айтам. Түркияда убактымды ар дайым кубаныч менен өткөрдүм. Башымдан өткөргөн бул окуяны көзөмөлгө алган Түрк өкмөтүнө, Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсой, Өкмөттүн басма сөз катчысы Өмер Челик мырзаларга бул окуяга сезимтал мамиле кылышкандыгы үчүн өзгөчө ыразычылыгымды билдирем жана бул окуя Түркиянын акыйкаттуу адилет системасында тез арада чечилип күнөлүүлөр керектүү жазаларын тартарын билем. Муну менен биргеликте Түркияда эс алуу абдан жагымдуу экенин белгилеп, бардыгыңыздарды Түркияда эс алып кетүүгө чакырам".
Урматтоо менен билдиребиз.
Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги Вернуться назад |