Манас университетине абитуриенттерден чоң кызыгуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манас университетине абитуриенттерден чоң кызыгуу

Абитуриенттер Кыргыз-Түрк “Манас” университетине чоң кызыгууларын билдирди.



Абитуриенттер Кыргыз-Түрк “Манас” университетине чоң кызыгууларын билдирди.

COVID-19 пандемиясынан улам, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан биринчи жолу онлайн каттоо өткөрүлүп, ага миңдеген абитуриент университеттин студенти атануу үчүн катышты.

1-тур 2020-жылдын 20-22-июль күндөрү өткөрүлдү. 1-турдан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер 2020-жылдын 23-26-июль күндөрү арасында керектүү документтерди университетке тапшырышты.

Пандемия башталгандан бери кызматкерлердин жана студенттердин ден-соолугун коргоо үчүн бардык чаралар көрүлгөн университетте каттоо иши да эрежелерди эске алуу менен аяктады.    

Тапшырып жаткан абитуриенттерди каттоо учурунда ар биринин дене табы текшерилип, аралык сакталды. Дезинфекция иштери жүрүп, дагы башка санитардык эрежелер аткарылды.

Бул жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң аз 110 упай алган абитуриенттер тапшыра алды.

Талапкерлер үчүн Маалымат технологиялар башкармалыгы тарабынан атайын иштелип чыккан “https://abiturient.manas.edu.kg/” даректүү интернет сайттан онлайн тапшыруу болду. Мындан тышкары, талапкерлер “MEDIAMANAS” тарабынан даярдалган видеолорду аралыктан көрүп, сайтка онлайн катталуу тууралуу маалымат алып жатышты.

Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору жана Студенттик иштер башкармалыгы менен биргеликте абитуриенттерди кабыл алуу жана каттоо иштери ийгиликтүү өткөрүлдү.     

Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги жалпы 1-турга 1296 орун үчүн 5229 талапкер онлайн тапшырды. Университетке ийгиликтүү өткөн студенттердин 2020-жылдын 23-26-июль күндөрүндө документтери катталып, бош калган орундар үчүн 2-тур 2020-жылдын 27-июлунда башталат.

Большая заинтересованность абитуриентов в университете “Манас” Большая заинтересованность абитуриентов в университете “Манас” Большая заинтересованность абитуриентов в университете “Манас” Большая заинтересованность абитуриентов в университете “Манас” Большая заинтересованность абитуриентов в университете “Манас” Большая заинтересованность абитуриентов в университете “Манас” Большая заинтересованность абитуриентов в университете “Манас”

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться