КТМУда тамак-аш жаатындагы эл аралык долбоор ишке ашырыла баштады. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда тамак-аш жаатындагы эл аралык долбоор ишке ашырыла баштады.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин «Тамак-аш инженериясы» бөлүмү тарабынан “Жапайы өсүмдүктөрдүн биологиялык активдүү заттарын колдонуу аркылуу Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун туруктуу өнүгүүсү” темасындагы семинар өткөрүлүп жатат.



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Инженердик факультетинин «Тамак-аш инженериясы» бөлүмү тарабынан “Жапайы өсүмдүктөрдүн биологиялык активдүү заттарын колдонуу аркылуу Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун туруктуу өнүгүүсү” темасындагы семинар өткөрүлүп жатат.
КТМУнун турмуш-тиричиликти тейлөө комплексинин имаратында жайгашкан жыйындар залында 2017-жылдын 5-6-июнь күндөрү өткөрүлүп жаткан семинардын ачылыш аземине КТМУнун проректорлору, профессор Анварбек Мокеев жана профессор Хүсейин Өгүт, Инженердик факультеттин деканы, профессор Жошкан Ылыжалы, Германиянын Рейн-Вааль Колдонмо илимдер университетинин Жашоо тууралуу илимдер факультетинин профессору Дитрих Дарр жана долбоорго мүчө болгон  илимпоздор катышты.
КТМУнун проректору, профессор Анварбек Мокеев өзүнүн сөзүндө бул долбоор Кыргызстандын жаӊгак токойлорунун өнүгүүсүнө чоӊ салым кошо тургандыгын жана Кыргызстандын жаӊгак токойлору – дүйнөдөгү сейрек кездешкен токойлордон экендигин белгилеп өттү. “Жаӊгак майы, анын курамындагы аминокычкылдары изилденип, алардын натыйжалары экономикалык пайда келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Демек, бул долбоордун илимий да, экономикалык да өӊүттөн пайдасы зор”-деди профессор А. Мокеев жана Германиядан келген профессор Дитрих Даррга университеттин атынан белек тапшырды.
КТМУнун Инженердик факультетинин деканы, профессор Жошкан Ылыжалы бул долбоор Кыргызстан, Германия жана Чехия мамлекеттериндеги жогорку окуу жайлар жана жеке ишканалардан түзүлгөн 11 орток тарабынан ишке ашырыла тургандыгын, жалпы бюджети 149 952 еврону түзгөндүгүн айтып өттү. Бул акча каражатынын 41% - Рейн-Вааль Колдонмо илимдер университетине,  37% –Кыргыз-Түрк  “Манас” университетине,  11% –Борбордук Азия Университетине (Нарын ш.),  5 % – Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясына,  3% - Германиянын Дрезден Техникалык Университетине,  1 % - Вайн-Штеффан Триерсдорф жогорку окуу мектебине, ал эми  0,3% - “Нуристан” тамак-аш өндүрүүчү ишканасына бөлүштүрүлөт. Профессор Жошкан Ылыжалы, КТМУга бөлүнүп берилген 56 215 евро өлчөмүндөгү акча каражаттарынын 2 илимий кызматкерибиздин Германиянын Клеве шаарындагы ишке ашырыла турган 1 жылдык илимий изилдөө иштерине, 3 илимий-практикалык семинарды уюштурууга жана магистратура деӊгээлиндеги 3 илимий диссертацияны аткарууга жумшала тургандыгын айтты.
КТМУнун Биринчи проректору, т.и.д., профессор Асылбек Кулмырзаев, доц.м.а. Жамила Сманалиева жана Германиянын Рейн-Вааль Колдонмо илимдер университетинин Жашоо тууралуу илимдер факультетинин профессору Дитрих Даррдын орток долбоору 2017-жылдын 1-майынан тартып, 2019-жылдын 30-апрелине чейин ишке ашырылат.
Долбоордун максаты - Кыргызстандын жаңгак токойлорунда өскөн жапайы өсүмдүк түрлөрүнүн (мөмөлүү дарактар, бадалдар, чөптөр) биологиялык активдүү компоненттерин колдонуу менен жогорку аш болумдуу  тамак-аш азыктарын өндүрүү, токой экосистемаларын коргоо жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.


Загрузка плеера...


В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект. В Кыргызско-Турецком университете “Манас” стартовал международный проект.

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться