Тынчтык булагы операциясы тууралуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Тынчтык булагы операциясы тууралуу



Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу эличиси Женгиз Камил Фырат кечээ күнү элчиликте Тынчтык булагы операциясы тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүп, Түркиянын аскердик операцияга байланыштуу көз караштарын жергиликтүү медиа өкүлдөрү менен бөлүшүп кетти.

Террордук баскын аракетине Түркиянын жообу

Элчи Женгиз Камил Фырат Тынчтык булагы операциясынын Сириянын түндүгүндө ишке ашырууга аракет кылынган террордук чабуулга каршы Түркиянын жообу экендигин айтып өттү.

Негизги максаттар

Операциянын негизги максаттары катары: “Аймактагы террорчуларды ооздуктоо менен чек ара коопсуздугун камсыздоо, Сирия элин террорчулардан куткаруу, террордук бир мамлекеттин курулушуна жол бербөө, Сирияын жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдигин коргоо, сириялык качкындардын кайтып келишин орундатуу”-деп сүйлөгөн Женгиз Камил Фырат, Түркия мамлекетинин Сириядан келген 3,6 миллион инсанга эшик ачканын, ошол эле учурда Сириянын аймагында жайгашкан Идлип жана анын айланасындагы Түндүк Сирияда турушкан 3 миллиондой инсанды дагы коргоого алып, карап жатканын белгиледи. Түркиянын аталган кишилерди окуу, бейтапкана, саламаттыкты сактоо кызматтары менен камсыздап, негизги муктаждыктарын жоюуда жардам кылганын айткан элчи Фырат, бул адамдардын Африн, Азез, Жераблус аймактарында 2017-2018-жылдары жасалган операциялардан бошотулган жерлерде жашашкан кишилер экенин эскертти.

Өз каалоосу менен кайтып келүү

Түркиянын террорчулардан бошоткон аймактарды жаңыдан куруп жатканын, ал жердеги негизги пайдубалдын Сириянын эч бир жеринде табылбасын белгилеген Женгиз Камил Фырат, катарына  350 миң Күрт улутундагы адамдар дагы батырган Түркиянын жүзөгө ашырган “Тынчтык булагы” операциясынын натыйжасында Сириядан качып келген 3,6 миллион инсандын өз каалоосу менен мекенине кайтып баргысы келээрин айтты.

Терс пропаганда

Тынчтык операциясы тууралуу Батыштын басмаларында терс пропаганда иштери жүрүп жатканын айткан элчи Фырат: “Ирак жана Шам ислам мамлекетине (ДЕАШ) каршы уюштурулган коалицияда мамлекет катары Сирияга согушкан кайсы өлкө бар? Батыш өлкөлөрүнөн жалгыз: Түркия бар! 4 миң ДЕАШ террорчусун түрк аскерлери өлтүрдү. Ушундан улам Батыштын медиаларында силер ДЕАШ ка каршы күрөшпөй жатасыңар дегендер бүт жалган айтышат.”деди. Батыш медиасынын Күрдистан Жумушчу партиясынын (ПКК) Түркиянын аймагында химиялык курал колдонгону тууралуу негизсиз ишенимдерин жазып чыкканын эскерткен Фырат, “Түркия химиялык куралдарды колдонууга тыюу салган келишимдерди колдойт. Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында химиялык курал жок. Биз жоомарт улутпуз. Эч качан кытмыр тактика колдонбойбуз!,-деди.

Ачуу чындыктар

ПККнын Түркияда 1984-жылдан бери 40 миң кишини өлтүргөнүн, The Syrian Democratic Forces (SDF) турушу менен ПККнын уландысы экенин, Түркиянын буларды өз чек арасы ичинде, түштүк Иракта жана түндүк Сирияда эч кандай кабыл алуу ыктымалы болбогондугун баса белгилеген Женгиз Камил Фырат: “Азыр ПКК террор уюму катары кабыл алынууда. Ким тарабынан? НАТО тарабынан. Ким тарабынан? Бир топ батыш өлкөлөрү тарабынан. Ким тарабынан? Азербайжан, Иран тарабынан. Ким тарабынан? Япония тарабынан. Ким тарабынан? Кыргызстан тарабынан. Ким тарабынан? Сирия тарабынан. (видеодогу аскерлер үчүн...) Бул кишилер ким? Булар Америка аскерлери. 2015-жыл. Түндүк Сирияда ПККнын тармагы болгон YPG ны ары окутууда, ары курал-жарак менен камсыздоодо. Ушул убакка чейин НАТОдогу союздашыбыз. Жеке эле Америка эмес, башка өлкөлөр дагы бар. Алар деле НАТО мүчөлөрү өлкөлөрү... 30 миң фура толгон курал ПККнын колуна, YPGнын колуна тапшырылды. Кыргызстан менен чектеш башка бир өлкө, Кыргызстанды бөлүүгө аракет кылган уюмга курал берсе эмне деп ойлойсуздар? Кандай кыймыл кыласыздар? Чек арабызга эсепсиз пушканын огу атылды. Аял, бала экенине карабай 20 миңдей адам өлдү, 200 киши жараланды. Бул жараян ичинде. Ойлоп көрсөңүз Тажикстан менен чектеш жерде кандай окуя болуп кетти? Сиздерге дагы ушундай мамиле жасалса, аял дебей, бала дебей 20 миң киши өлсө, 200 киши жаракат алса сиз кандай айла кылат эелеңиз?”-деген сөздөрү менен операциянын ачуу чындыктарын баяндады.

Эл аралык укуктар

Түркиянын эл аралык укуктар алкагында бир операция жасаганын “БУУнун конвенциясынын 51-беренесине ылайык мыйзамдуу укугубузду колдондук.” Бул багытты Тынчтык булагы операциясын баштадык. Ошол эле учурда кечээ кечинде Эрдоган менен Путин ортосундагы келишимде белгиленгендей Түркия менен Сирия арасында Адана келишими бар. Ошол жерге тийешелүү укуктарыбызды дагы колдондук.” –деген сөздөрүн айткан элчи Фырат: “Буюрса Сирияда 9 жылдай уланып келатка ички согуштун аягында жакындап келатабыз. Буюрса баары эркин жана чогуу жашай ала тургандай саясий бир жыйынтыкка жетебиз. Ансыз да биздин бардык аракетибиз мына ушул багытта болууд”-деп басма сөз жыйынын соңуна чыгарды.


Загрузка плеера...


Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу Тынчтык булагы операциясы тууралуу

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться