Аяна Касымова: " Баястан, Нурсултан менен болгон мамилелерим тоок сүйүү эмес болчу..." » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Аяна Касымова: " Баястан, Нурсултан менен болгон мамилелерим тоок сүйүү эмес болчу..."

Автопортрет уктуруусунун кезектеги коногу мукам үндүү Аяна Касымова болду.



27.08.19 Автопортрет уктуруусунун кезектеги коногу мукам үндүү Аяна Касымова болду. Интернет аркылуу популярдуулукка жеткен жаш ырчы өмүрү, чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу айтып берип  угармандардын ар түрдүү ыңгайсыз суроолорун жоопсуз калтырган жок. "4-5 жашыман бери "Ак-Шоола" балдар хорунда ырдагам, кийинчерээк YouTube аркылуу эл оозуна алынып кеттим . Чыгармачылыгым менен көбүнчө атам алектенет. Жакында чыккан Амир Аскаров менен бирге ырдаган ырыбызды жарым сааттын ичинде жаздырганбыз. Өзүмдү мактаганды жаман көрөм"- деген Аяна өзүнүн терс тараптарын да айтып өттү. "Баястан, Нурсултан менен болгон мамилелериңизди тоок сүйүү деп эсептейсизби?"-деген суроого "Жок ал мамилелер тоок сүйүү эмес болчу,"- деген жообун узатты. Эфирдин жүрүшүндө кыргызча, түркчө жандуу ырдаган Аяна буюрса дипломдук ишин жактаган соң чыгармачылыкка билек түрө киришээрин айтты. 

 

Маектешкен: Жоомарт Шайдылдаев, Шайыр Бакытбекова 

Жазган: Шайыр Бакытбекова

 


Загрузка плеера...


Аяна Касымова:  " Баястан, Нурсултан менен болгон мамилелерим тоок сүйүү эмес болчу..."

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться