Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Аяна Касымова: " Баястан, Нурсултан менен болгон мамилелерим тоок сүйүү эмес болчу..."

Аяна Касымова: " Баястан, Нурсултан менен болгон мамилелерим тоок сүйүү эмес болчу..."


5 сентября, 08:54. Разместил: sharizat

27.08.19 Автопортрет уктуруусунун кезектеги коногу мукам үндүү Аяна Касымова болду. Интернет аркылуу популярдуулукка жеткен жаш ырчы өмүрү, чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу айтып берип  угармандардын ар түрдүү ыңгайсыз суроолорун жоопсуз калтырган жок. "4-5 жашыман бери "Ак-Шоола" балдар хорунда ырдагам, кийинчерээк YouTube аркылуу эл оозуна алынып кеттим . Чыгармачылыгым менен көбүнчө атам алектенет. Жакында чыккан Амир Аскаров менен бирге ырдаган ырыбызды жарым сааттын ичинде жаздырганбыз. Өзүмдү мактаганды жаман көрөм"- деген Аяна өзүнүн терс тараптарын да айтып өттү. "Баястан, Нурсултан менен болгон мамилелериңизди тоок сүйүү деп эсептейсизби?"-деген суроого "Жок ал мамилелер тоок сүйүү эмес болчу,"- деген жообун узатты. Эфирдин жүрүшүндө кыргызча, түркчө жандуу ырдаган Аяна буюрса дипломдук ишин жактаган соң чыгармачылыкка билек түрө киришээрин айтты. 

 

Маектешкен: Жоомарт Шайдылдаев, Шайыр Бакытбекова 

Жазган: Шайыр Бакытбекова

 


Вернуться назад