Кыргызстандык делегация Венгрияда өтүүчү Туран Түрк курултайына барат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстандык делегация Венгрияда өтүүчү Туран Түрк курултайына барат

Белгилүү түрколог, филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев Манас радиосунда конокто болду.



Окумуштуу Кадыралы Коңкобаевдин айтымында алдыда август айынын 9-18 күндөрү 21адамдан турган Кыргызстандык барандуу топ, Венгрияда 2жылда бир өтүүчү 5-Туран Түрк курултайынын ишине катышат. Кыргызстандык жоон топтун курамында окумуштуу-илимпоздор, өнөр адамдары, Манас айтуучулар, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү да бар.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, быйыл Ысык-Көлдө 2-ирээт өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна да жогоруда сөз болуп жаткан Венгрия мамлекетинен 18адамдан турган байыркы хундардын оюндарын, жаа атуу,куш салмай өңдүү өнөрлөрүн көрсөтүүчү топ келет. Мындан сырткары Венгриянын бийлик жетекчилери баштаган расмий делегация да Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келүүсү күтүлүүдө.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться