Главная > Новости "Медиа Манас" > Кыргызстандык делегация Венгрияда өтүүчү Туран Түрк курултайына барат

Кыргызстандык делегация Венгрияда өтүүчү Туран Түрк курултайына барат


11 июля, 16:37. Разместил: aynagul

Окумуштуу Кадыралы Коңкобаевдин айтымында алдыда август айынын 9-18 күндөрү 21адамдан турган Кыргызстандык барандуу топ, Венгрияда 2жылда бир өтүүчү 5-Туран Түрк курултайынын ишине катышат. Кыргызстандык жоон топтун курамында окумуштуу-илимпоздор, өнөр адамдары, Манас айтуучулар, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү да бар.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, быйыл Ысык-Көлдө 2-ирээт өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна да жогоруда сөз болуп жаткан Венгрия мамлекетинен 18адамдан турган байыркы хундардын оюндарын, жаа атуу,куш салмай өңдүү өнөрлөрүн көрсөтүүчү топ келет. Мындан сырткары Венгриянын бийлик жетекчилери баштаган расмий делегация да Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келүүсү күтүлүүдө.


Вернуться назад