Кургак климаттагы пейзаж » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кургак климаттагы пейзаж

Дүйнө жүзүндө саат санап климат өзгөрүүдө. Анын ичинде суу булактары биз ойлогондон да тез азаюуда. Арийне мындай сууга болгон тартыштык табийгый кооздуктун кыйрашына себепкер болууда. Анткен менен мындай абалган чыгуу жолу катары, аталган эстетикалык кооздукту анча суу талап кылбаган, кургакта деле жашап кете ала турган өсүмдүктөрдү өстүрүү жолун белгилеп кете алабыз. Бир көз карашка мындай көрүнүш кургак климаттагы пейзаж деп аталат. 



         "Тема" телекөрсөтүүсүндө "Кургак климаттагы пейзаж" темасы талкууланды.  КТМУнун Айыл чарба факультетинин профессору Хасан Йылмаз конокто болуп жалпы телекөрүүчүлөргө белгиленген терминди чечмелеп берди. 

            Негизинен коногубуз:

- кургак климаттагы пейзаж деген эмне экенин;

- үй шартында пейзаждын талаптары жана аны кантип ишке ашырса болоорун;

- шаар пейзаждарын түзүүдө өтө суууну көп талап кылган өсүмдүктөр түрүн;

- чым же көк шибердин өзгөчөлүктөрү жана аны эмне менен алмаштырса болоорун;

- кургакта өскөн бадалдар жана аларды саткан базарларды түзүү системасын;

- жаан-чачындан түшкөн суулардын корун жыйноо жана тамчылатып суугаруу ыкмаларын;

- шаар жергесиндеги кургак пейзаждын негизги маанисин ж.б. көптөгөн темаларды баяндап өттү. 

            Маекти кыргыз тилине жеткиликтүү кылып аталган факультеттин кенже илимий кызматкери Таир Эсенаалы уулу которуп тартуулады.

 

            Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

                МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Кургак климаттагы пейзаж Кургак климаттагы пейзаж

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться