Главная > ТЕМА > Кургак климаттагы пейзаж

Кургак климаттагы пейзаж


31 мая, 16:48. Разместил: Jyldyzbek

         "Тема" телекөрсөтүүсүндө "Кургак климаттагы пейзаж" темасы талкууланды.  КТМУнун Айыл чарба факультетинин профессору Хасан Йылмаз конокто болуп жалпы телекөрүүчүлөргө белгиленген терминди чечмелеп берди. 

            Негизинен коногубуз:

- кургак климаттагы пейзаж деген эмне экенин;

- үй шартында пейзаждын талаптары жана аны кантип ишке ашырса болоорун;

- шаар пейзаждарын түзүүдө өтө суууну көп талап кылган өсүмдүктөр түрүн;

- чым же көк шибердин өзгөчөлүктөрү жана аны эмне менен алмаштырса болоорун;

- кургакта өскөн бадалдар жана аларды саткан базарларды түзүү системасын;

- жаан-чачындан түшкөн суулардын корун жыйноо жана тамчылатып суугаруу ыкмаларын;

- шаар жергесиндеги кургак пейзаждын негизги маанисин ж.б. көптөгөн темаларды баяндап өттү. 

            Маекти кыргыз тилине жеткиликтүү кылып аталган факультеттин кенже илимий кызматкери Таир Эсенаалы уулу которуп тартуулады.

 

            Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

                МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Вернуться назад