Баш кийимди даңазалаган «Салттуу элечектин түрлөрү» көргөзмөсү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Баш кийимди даңазалаган «Салттуу элечектин түрлөрү» көргөзмөсү

Бүгүн,  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде саймачы, этно дизайнер Асель Калканованын «Салттуу элечектин түрлөрү» аттуу көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилери, мугалимдер жана студенттер катышты. Асел Калканова жараткан 9 экспонат көргөзүлүп, “Ибарат” тобунун аткаруусундагы музыкалык чыгармалар менен коштолду.



Асел Калканова Бишкектеги элдик көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайын бүтүргөн. Ошол окуу жайында чебер-мугалим болуп эмгектенет. Уздук таасирди Жапарова Макенден алган. Анын көркөм оюм-көчөттөрү менен белек-бечкектик үлгүлөрдү жасоого машыккан. Асел айым «илме сайманы» (шибеге сайма) учуктуу ичке ийне аркылуу жүзөгө ашырат. «Илме дос саймасы», «чыраш саймасы», «басма саймасы» менен бүткөрүлгөн көркөм буюмдары бар. Анын андай үлгүлөрү сатууга дүкөндөргө чыгарылат, белек-бечкекке жөнөтүлөт. Аселдин чыгармачылыгы чакан туштуктарды, изденүү менен пайда болгон композициялык чыгармаларды түзүүгө шартташкан. Ал «Манас 1000ге» карата чырмак буюмдарынын серияларын жараткан.

Эскерте кетсек, көргөзмө Кыргыз-Түрк «Манас»  университетинде коммуникация факультетинин 1-кабатында 17-майга чейин уланат.

Жазган: Бейшенбекова Адиля


Загрузка плеера...


Баш кийимди даңазалаган «Салттуу элечектин түрлөрү» көргөзмөсү Баш кийимди даңазалаган «Салттуу элечектин түрлөрү» көргөзмөсү Баш кийимди даңазалаган «Салттуу элечектин түрлөрү» көргөзмөсү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться