ЭСЕН БОЛУП ЭСТЕЙ ЖҮР » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ЭСЕН БОЛУП ЭСТЕЙ ЖҮР

7-ноябрь Кыргызстанда басма сөз күнү. Эгемендүү мамлекет болгонубуздан бери быйыл бул майрам 25-ирет куттукталып жатат. Арийне белгиленген убакыт ичинде кыргыз журналистикасында жеке эле жетишкендиктер болбостон, оор жоготуулар дагы катталды. Мына ушул багытта журналист Элнура Кулуеванын демилгеси менен "Эсен болуп эстей жүр" деген аталышта көзү өтүп кеткен кесипкөйлөрдү эскерүү, аларга куран окутуу уюштурулуп жатат. "Жаңы күн" радиодолбоору дагы бул теманы ачып берүү максатында иш чаранын жоопкерлерин эфирге чакырып, ойлорун укту. 



Бул күнкү Жаңы күн уктуруусунун коноктору жогоруда аталып кеткен иш чаранын демилгечилери, журналисттер Элнура Кулуева, Дана Абдыбекова жана жарандык активист Аманбол Бабакулов болушту. 40 мүнөттүк кызуу талкуунун алкагында коноктор, кыргыз журналистикасынын оош-кыйышын, көз карандысыз мамлекеттикти алгандан бери  бийликтин тизгинин тартып турчу, курч калемдүү журналисттерге канчалык деңгээлде көңүл бурулуп жаткандыгын, ачуу чындыкты бетке айткан жазмакерлер болбосо элдин үнү төбөлдөргө угулбай кала тургандыгын кеп кылышты. Аны менен бир катар журналистиканын түрдүү багыттарында элим  деп күйүп жүрүп дүйнө салып кеткен кесиптештерди көздөрүнө жаш айлана эскеришти. 

 

Айтымдарына караганда куран окутуу иш чарасы 7-ноябрь Кыргыз басма сөз күнүңдө саат 12.00 до Бишкектеги Ак Сарай ресторанында өткөрүлөт.

Элнура Кулуева  өз сөзүндө: "Башында 20-30 дай калемдештерибизди белгилегенбиз, кийин бул тизме 120 га чыкты. Бирок 40 тан ашуунунун гана сүрөтүн таап, туугандарын эскерүү кечесине чакыра алдык. Бул демилге муну менен гана чектелип калбайт. Куран окутуу учурунда маркум жазмакерлердин сүрөттөрү көзгөзмөгө коюлат жана бардык сүрөттөр Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетине өткөрүлүп берилет. Буюрса журналисттер энциклопедиясы чыгарылат." - деди. 

 

Дана Абдыбекова болсо уюштуруу иштери боюнча демилгечил топтун дагы бир баштаткан жакшы жөрөлгөсү "Президентке кат куржун" аттуу кийизден жасалган куржун тууралуу айтып берди. 

"Ак кийгизден жасалган, ак тилек салынган кат куржун. Эл үнү, калем үнү салынган кат куржун деп айта алабыз. Президенттердин тарыхында, кыргыз журналистикасынын тарыхында улуттук басма сөз күнүнө арналган биринчи демилге, биринчи кадам. Төртүнчү бийлик ээлеринин бул кат куржунунун саясий таасири бар. Жаңы бийликтин бир жылдыгында калем ээлери журт башчысына символдуу саамалыкты сунуп жатышат. Ал жерге каттарды жөнөкөй жарандардан тарта, мамлекеттик структураларга чейин сала алышат",-деп түшүндүрдү эфирдин коногу Дана Абдыбекова.

 

Ал эми жарандык активист Аманбол Бабакулов келген каттардын ар бирине тийешелүү органдардан татыктуу жооп алып берүү өзүнүн милдети экенин айтып, эфир соңунда Манас радиосунун жамаатынын дагы кайрылуу катын кабыл алды. 

 

@mediamanaskg Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ


Загрузка плеера...


ЭСЕН БОЛУП ЭСТЕЙ ЖҮР ЭСЕН БОЛУП ЭСТЕЙ ЖҮР ЭСЕН БОЛУП ЭСТЕЙ ЖҮР

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться