Главная > Новости "Медиа Манас" > ЭСЕН БОЛУП ЭСТЕЙ ЖҮР

ЭСЕН БОЛУП ЭСТЕЙ ЖҮР


5 ноября, 12:15. Разместил: Jyldyzbek

Бул күнкү Жаңы күн уктуруусунун коноктору жогоруда аталып кеткен иш чаранын демилгечилери, журналисттер Элнура Кулуева, Дана Абдыбекова жана жарандык активист Аманбол Бабакулов болушту. 40 мүнөттүк кызуу талкуунун алкагында коноктор, кыргыз журналистикасынын оош-кыйышын, көз карандысыз мамлекеттикти алгандан бери  бийликтин тизгинин тартып турчу, курч калемдүү журналисттерге канчалык деңгээлде көңүл бурулуп жаткандыгын, ачуу чындыкты бетке айткан жазмакерлер болбосо элдин үнү төбөлдөргө угулбай кала тургандыгын кеп кылышты. Аны менен бир катар журналистиканын түрдүү багыттарында элим  деп күйүп жүрүп дүйнө салып кеткен кесиптештерди көздөрүнө жаш айлана эскеришти. 

 

Айтымдарына караганда куран окутуу иш чарасы 7-ноябрь Кыргыз басма сөз күнүңдө саат 12.00 до Бишкектеги Ак Сарай ресторанында өткөрүлөт.

Элнура Кулуева  өз сөзүндө: "Башында 20-30 дай калемдештерибизди белгилегенбиз, кийин бул тизме 120 га чыкты. Бирок 40 тан ашуунунун гана сүрөтүн таап, туугандарын эскерүү кечесине чакыра алдык. Бул демилге муну менен гана чектелип калбайт. Куран окутуу учурунда маркум жазмакерлердин сүрөттөрү көзгөзмөгө коюлат жана бардык сүрөттөр Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетине өткөрүлүп берилет. Буюрса журналисттер энциклопедиясы чыгарылат." - деди. 

 

Дана Абдыбекова болсо уюштуруу иштери боюнча демилгечил топтун дагы бир баштаткан жакшы жөрөлгөсү "Президентке кат куржун" аттуу кийизден жасалган куржун тууралуу айтып берди. 

"Ак кийгизден жасалган, ак тилек салынган кат куржун. Эл үнү, калем үнү салынган кат куржун деп айта алабыз. Президенттердин тарыхында, кыргыз журналистикасынын тарыхында улуттук басма сөз күнүнө арналган биринчи демилге, биринчи кадам. Төртүнчү бийлик ээлеринин бул кат куржунунун саясий таасири бар. Жаңы бийликтин бир жылдыгында калем ээлери журт башчысына символдуу саамалыкты сунуп жатышат. Ал жерге каттарды жөнөкөй жарандардан тарта, мамлекеттик структураларга чейин сала алышат",-деп түшүндүрдү эфирдин коногу Дана Абдыбекова.

 

Ал эми жарандык активист Аманбол Бабакулов келген каттардын ар бирине тийешелүү органдардан татыктуу жооп алып берүү өзүнүн милдети экенин айтып, эфир соңунда Манас радиосунун жамаатынын дагы кайрылуу катын кабыл алды. 

 

@mediamanaskg Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ


Вернуться назад