Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы

Университетте "Маданият жана искусство" аттуу маданий кече болуп өттү.



24-ноябрь күнү Көркөм өнөр факультетинин Театралдык өнөр бөлүмү тарабынан “Тарых жана маданият” жылынын алкагында "Маданият жана искусство" деген аталышта маданий кече болуп өттү. Иш-чара Тарых жана маданият жылына арналды. Ага окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, КРнын Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев, проректор, профессор Анварбек Мокеев, маданият жана искусство ишмерлери, белгилүү актёрлор, университеттин окутуучулары, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Көркөм өнөр факультетинин окутуучуларынын колунан жаралган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталды.

Ректор Себахаттин Балжы кеченин ачылыш сөзүндө: “КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “2016-жыл Тарых жана маданият” жылы деп жарыялаганы, маданиятты көтөрүү, тарыхый баалуулуктарды даңазалоо аракети маанилүү кадам болду. Бул жылды утурлай окуу жайыбызда да бир топ маанилүү иш-чаралар уюштурулду. Кылымдар бою келе жаткан маданий мурастарыбызды сактап, келечек муундарга жеткирүү биздин инсандык милдетибиз.”, -деп билдирди.

Университеттин проректору, профессор Анварбек Мокеев быйылкы “2016-жыл Тарых жана маданият” жылы деп жарыялануусуна үстүбүздөгү жыл кыргыз маданияты үчүн олуттуу окуяларга бай болуп, тагыраак айтканда, Түрк дүйнөсүнө таанымал улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы тогошуп, дал келүүсү себеп болгонун баса белгиледи.

Ал эми Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев “Тарых жана маданият” жылынын маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүнүн жаштарына кызмат кылып, кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң “Маданият жана искусство” аталышындагы маданий кече театрлаштырылып даярдалган көрсөтүү жана чакан концерттик программа менен коштолду.


Загрузка плеера...


Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы Көркөм өнөр факультетинин "Тарых жана маданият" жылына кошкон салымы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться