“Чоң экран” программасынын кезектеги коногу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү, кинорежиссер жана II Туран эл аралык кинофестивалынын баш байгесинин ээси Жандос Жолдошов болду. Эфирдин жүрүшүндө режиссердун “Байланыш” кыскаметраждуу көркөм тасмасы жана анын чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.