Кыргыз элинин «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген макалы бар. Ал жөн эле жеринен айтылган эмес. Жаш бала үй-бүлө тарбиясын кандай алса, ал эр жеткенде да ошого байланышат, себеби анын аң-сезимине үй- бүлө тарбиясы сиңип, анын көз карашын, дүйнө туюмун, жүрүү-туруусун калыптандыра баштаган. Ушуга байланыштуу системалык тарбияны, максаттуу түрдө, үй-бүлөдөн баштоо милдети келип чыгат.
"Тема" теледолбоорунун бул чыгарылышынын коногу КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин Мектепке чейинки билим берүү программасынын башчысы Гүлзаада Абдыралиева болду.Баланы тарбиялоодогу үй-бүлөнүн орду тууралуу кеп козгоду.
Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Гүлзаада айым атанын-эненин баланы тарбиялоодогу ордун, алардын кетирген катачылыктарын, күнүмдүк тирлик айынан балдардын боштукта калып жатканын, чоң ата, чоң эне же туугандарынын колунда тарбияланып жатканын, шаар шарттарында ата-энелер балдарын билим берүү мекемелерине түртө салып жатышканын ж.б. көйгөйлүү маселелерди айтып берди.
Программанын толук чыгарылышы төмөнкү видеодо чагылдырылган.
МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев