Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөнүн орду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөнүн орду

Кыргыз элинин «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген макалы бар. Ал жөн эле жеринен айтылган эмес. Жаш бала үй-бүлө тарбиясын кандай алса, ал эр жеткенде да ошого байланышат, себеби анын аң-сезимине үй- бүлө тарбиясы сиңип, анын көз карашын, дүйнө туюмун, жүрүү-туруусун калыптандыра баштаган. Ушуга байланыштуу системалык тарбияны, максаттуу түрдө, үй-бүлөдөн баштоо милдети келип чыгат.



       "Тема" теледолбоорунун бул чыгарылышынын коногу КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин Мектепке чейинки билим берүү программасынын башчысы Гүлзаада Абдыралиева болду.Баланы тарбиялоодогу үй-бүлөнүн орду тууралуу кеп козгоду. 

      Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Гүлзаада айым атанын-эненин баланы тарбиялоодогу ордун, алардын кетирген катачылыктарын, күнүмдүк тирлик айынан балдардын боштукта калып жатканын, чоң ата, чоң эне же туугандарынын колунда тарбияланып жатканын, шаар шарттарында ата-энелер балдарын билим берүү мекемелерине түртө салып жатышканын ж.б. көйгөйлүү маселелерди айтып берди.

       Программанын толук чыгарылышы төмөнкү видеодо чагылдырылган. 

 

       МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев

 


Загрузка плеера...


Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөнүн орду Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөнүн орду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться