Антидепрессантта Студентик кеңеш » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Антидепрессантта Студентик кеңеш

Антидепрессантта Студентик кеңеш



12.02.2020. "Антидепрессант" программасындагы ар шаршемби чыгуучу "Студент-time" уктуруусунда Кантемир Закиров конокто болду. Кантемир Закиров- студенттик кеңештин баш катчысы.

Программанын жүрүшүндө маегибизди тааныштырууну менен баштап, андан соң угармандардан келген суроолорду берүү менен уланттык. Суроолорго ачык жооп берип өзүнүн 3 жакшы, 3 жаман сапатын санап берди . Ошону менен катар байкалбаганы менен жумушунун оор экенин, башында иш кагаздар менен иштөөдө тил жагынан кыйналганын, бирок учурда бары жакшы экенин айтты.

Студенттик кеңештин алдыдагы пландары тууралуу сураганыбызда: "Ушул ишемби күнү "Жылуулук акциясы" болот. Ал жакта тазалык кызматкерлерине жакшы маанай тартуулоого аракет кылабыз" -деп жооп берди.

Кошумчалай кетсек, кыргыз тилинен тышкары орус, англис, түрк, немис тилдерин билген Кантемир Закиров Кыргыз-Түрк Манас университетин психология бөлүмүнүн 1-курсунун студенти.


Жазган:
Нурайым Кудабаева

Маектешкен:
Айтумар Мурзали кызы,
Нурайым Кудабаева,
Элизат Осмонова

Антидепрессантта Студентик кеңеш Антидепрессантта Студентик кеңеш

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться