12.02.2020. "Антидепрессант" программасындагы ар шаршемби чыгуучу "Студент-time" уктуруусунда Кантемир Закиров конокто болду. Кантемир Закиров- студенттик кеңештин баш катчысы. Программанын жүрүшүндө маегибизди тааныштырууну менен баштап, андан соң угармандардан келген суроолорду берүү менен уланттык. Суроолорго ачык жооп берип өзүнүн 3 жакшы, 3 жаман сапатын санап берди . Ошону менен катар байкалбаганы менен жумушунун оор экенин, башында иш кагаздар менен иштөөдө тил жагынан кыйналганын, бирок учурда бары жакшы экенин айтты. Студенттик кеңештин алдыдагы пландары тууралуу сураганыбызда: "Ушул ишемби күнү "Жылуулук акциясы" болот. Ал жакта тазалык кызматкерлерине жакшы маанай тартуулоого аракет кылабыз" -деп жооп берди. Кошумчалай кетсек, кыргыз тилинен тышкары орус, англис, түрк, немис тилдерин билген Кантемир Закиров Кыргыз-Түрк Манас университетин психология бөлүмүнүн 1-курсунун студенти. Жазган: Нурайым Кудабаева Маектешкен: Айтумар Мурзали кызы, Нурайым Кудабаева, Элизат Осмонова
Вернуться назад
|