МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ

2019-жылдын 17-сентябрында  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин чет тилдери жогорку мектебинин чет  тилдери бѳлүмүнүн Кыргыз тили координаторлугу тарабынан Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата студенттер менен биргеликте  өнөр адамдары ортосунда атайы жолугушуу уюштурулду.



         Ага КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу, кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, белгилүү манасчы, дастанчы, педагог Самат Кѳчѳрбаев  катышты.

       Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кеченин каармандарына кызыктуу суроолорун узатышып, акындын ырларын кѳркѳм окушту. Ошол эле учурда Самат Көчөрбаевдин комуздун коштоосундагы ырлары көпчүлүктүн бүйүрүн кызыта жаңырды.

        Жолугушуунун соңунда КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан, кыргыз тил майрамына карата КТМУнун кыргыз тили жана адабияты окутуучулары, филология илимдеринин кандидаттары Райхан Таштемировага жана  Жамила Бокоеваларга эне тилдин өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн «Кыргыз тили» тѳш белгиси ыйгарылды.

 

МедиаМанас, Жылдызбек Турсунбаев

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться