Главная > Новости "Медиа Манас" > МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАЙ


18 сентября, 11:50. Разместил: Jyldyzbek

         Ага КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу, кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, белгилүү манасчы, дастанчы, педагог Самат Кѳчѳрбаев  катышты.

       Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кеченин каармандарына кызыктуу суроолорун узатышып, акындын ырларын кѳркѳм окушту. Ошол эле учурда Самат Көчөрбаевдин комуздун коштоосундагы ырлары көпчүлүктүн бүйүрүн кызыта жаңырды.

        Жолугушуунун соңунда КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан, кыргыз тил майрамына карата КТМУнун кыргыз тили жана адабияты окутуучулары, филология илимдеринин кандидаттары Райхан Таштемировага жана  Жамила Бокоеваларга эне тилдин өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн «Кыргыз тили» тѳш белгиси ыйгарылды.

 

МедиаМанас, Жылдызбек Турсунбаев


Вернуться назад