Жеке ассистент социалдык кызматы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жеке ассистент социалдык кызматы

«Ракурс» уктуруусунда студиянын коногу  Саида Асанбаева Кыргызстанда жаңы ишке кирген жеке ассистент кызматы тууралуу айтып берди.



Жыл башынада премьер-министр багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго кол койду..Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт.

 Уктуруунун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин  башкы адиси Саида Асанбаева,  кимдер жеке ассистент боло алат, жеке ассистент болуу үчүн кайсыл мекемеге кайрылуу зарыл, кандай документтерди чогултуу керек өңдүү суроолорго жооп берди:


Загрузка плеера...



Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться