Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Жеке ассистент социалдык кызматы

Жеке ассистент социалдык кызматы


6 февраля, 15:46. Разместил: aynagul

Жыл башынада премьер-министр багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго кол койду..Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт.

 Уктуруунун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин  башкы адиси Саида Асанбаева,  кимдер жеке ассистент боло алат, жеке ассистент болуу үчүн кайсыл мекемеге кайрылуу зарыл, кандай документтерди чогултуу керек өңдүү суроолорго жооп берди:


Вернуться назад