Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылат

Үчүнчү  Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 2-сентябрда кечки саат 20 да Чолпон-Ата шаарында башталат.



Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун салтанаттуу ачылышы 2-сентябрда кечки саат 20да башталат. Туризм департаменти маалымдагандай, Чолпон-Ата шаарында өтө турган салтанатта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат. Театрлаштырылган оюн-зоокторду коюу үчүн миңден ашык өнөрпоз тартылган.

Ысык-Көлдөгү үчүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышына Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов бараары күтүлүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки да катышаары күтүлүүдө.

Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан.


Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться