Главная > Новости "Медиа Манас" > Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылат

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылат


2 сентября, 11:12. Разместил: aynagul

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун салтанаттуу ачылышы 2-сентябрда кечки саат 20да башталат. Туризм департаменти маалымдагандай, Чолпон-Ата шаарында өтө турган салтанатта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат. Театрлаштырылган оюн-зоокторду коюу үчүн миңден ашык өнөрпоз тартылган.

Ысык-Көлдөгү үчүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышына Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов бараары күтүлүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки да катышаары күтүлүүдө.

Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан.


Вернуться назад