Үч күнгө созулган “Кыргызстанда жасалган” деген аталыштагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсүнө быйыл 90го жакын ишканалар катышты.
28-апрелде башталган “Кыргызстанда жасалган” деген аталыштагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси1-майга чейин уланып, ата мекендик ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн кийим-кече, тамак-аш азыктары, жеңил жана оор техникалар келген кардарлардын назарына сунушталды.
Иш-чара 1-май – эмгекчилердин майрамына карата “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” бирлиги тарабынан уюштурулуп, максаты – ата мекендик өндүрүштү колдоо, аларга салым кошуу, дем берүү максатын көздөйт.
"Кыргызстанда жасалган, ата мекендикин сатып ал" коомдук фондунун төрагасы Бакыт Дегенбаевдин айтымында, көргөзмө-жарманкеге өлкөнүн бардык аймагынан келген 90го чукул компания өздөрү чыгарган продукциялары менен катышты.