Главная > Новости "Медиа Манас" > Ата-Мекендик өндүрүүчүлөрүбүздүн быйылкы жарманкеси

Ата-Мекендик өндүрүүчүлөрүбүздүн быйылкы жарманкеси


4 мая, 12:12. Разместил: aynagul

 28-апрелде башталган “Кыргызстанда жасалган” деген аталыштагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси1-майга чейин уланып, ата мекендик ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн кийим-кече, тамак-аш азыктары, жеңил жана оор техникалар келген кардарлардын назарына сунушталды.

Иш-чара 1-май – эмгекчилердин майрамына карата “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” бирлиги тарабынан уюштурулуп, максаты – ата мекендик өндүрүштү колдоо, аларга салым кошуу, дем берүү максатын көздөйт.

"Кыргызстанда жасалган, ата мекендикин сатып ал" коомдук фондунун төрагасы Бакыт Дегенбаевдин айтымында, көргөзмө-жарманкеге өлкөнүн бардык аймагынан келген 90го чукул компания өздөрү чыгарган продукциялары менен катышты.


Вернуться назад