Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев наградил 18 матерей-героинь орденом «Баатыр-эне».
Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн бардык облустарынан келген баатыр-энелерди Кыргызстанда быйыл 17-майда майрамдалуучу келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады.
Президент Алмазбек Атамбаев жаштарды тарбиялоодо энелердин өзгөчө ролун белгилеп кетти. “Балдар - бул жөн эле чоң бакыт эмес, ошону менен бирге чоң жоопкерчилик. Биз балдарга адамдарды бөлбөй, бардык адамдар бирдей деп үйрөтүшүбүз керек. Биз аларды - көп улуттуу Кыргызстандын балдары экендигине үйрөтүшүбүз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Кабар