Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлады. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлады.

Бүгүн, 2015-жылдын 16-майында, Энелер күнүн майрамдоо алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев салтанаттуу аземдин жүрүшүндө өлкөнүн көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордендери менен сыйлады.

 



Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн бардык облустарынан келген баатыр-энелерди Кыргызстанда быйыл 17-майда майрамдалуучу келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады.
Президент Алмазбек Атамбаев жаштарды тарбиялоодо энелердин өзгөчө ролун белгилеп кетти. “Балдар - бул жөн эле чоң бакыт эмес, ошону менен бирге чоң жоопкерчилик. Биз балдарга адамдарды бөлбөй, бардык адамдар бирдей деп үйрөтүшүбүз керек. Биз аларды - көп улуттуу Кыргызстандын балдары экендигине үйрөтүшүбүз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

 

Кабар

 


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться