Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ!

Упай оюну эзелтен эле кыргыздар арасында ойнолуп келген. Оюнду топ-топ болуп жана жекеме-жеке да ойносо болот. Оюнда адам баласынын акыл дараметинин өсүшү, адамдардын бири-бирине сабырдуулук менен мамиле кылууну үйрөнүүсү, кыргыздын баатырдык коргонуу жана согуштук стратегиясы камтылган.



              Бул тууралуу "Айкур" федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев бизге берген маегинде айтып кетти. Себеби дал ушул Айкур федерациясы көөнөрүп бара жаткан, чүкө менен ойнолуучу Упай оюнун кайра жандандырып коомчулукка сунуштоо демилгесин көтөрүп чыгышкан. 

              "Арийне эски кыргыз заманында кыш маалдарында малды жайгарып, ишти бүтүрүп коюп үй бүлө мүчөлөрү олтуруп алып мына ушул оюнду шырдак же ала кийиздин бетине чүкөлөрдү чачып ойноп убактыларын пайдалуу өткөрүшкөн. Заманга жараша андай шарттар жокко эсе саналып, ошентсе да оюнду калкка унуттурбоо максатында стол бетинде ушул оюндун ойнолушун, эрежелерди, өзгөчө оюнга ылайык дизайны бар столдун формасын иштеп чыктык. Кудайга шүгүр эл акырында аң сезиминде жоготуп алган нерсесин кайрадан эстеп, жанданып ойногонго кызыкдар болуп келе жатышат.",- деп баса белгиледи Искендер Кожокеев.

             "Айкур" федерациясынын жакынкы максаттарынын бири катары аталган Упай оюнун 3. Дуйнөлүк Көчмөндөр оюнуна киргизүү болуп саналат.

 

Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ! Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ! Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ! Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться