Главная > Новости "Медиа Манас" > Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ!

Кыргыздын улуттук оюну - УПАЙ!


23 сентября, 12:53. Разместил: Jyldyzbek

              Бул тууралуу "Айкур" федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев бизге берген маегинде айтып кетти. Себеби дал ушул Айкур федерациясы көөнөрүп бара жаткан, чүкө менен ойнолуучу Упай оюнун кайра жандандырып коомчулукка сунуштоо демилгесин көтөрүп чыгышкан. 

              "Арийне эски кыргыз заманында кыш маалдарында малды жайгарып, ишти бүтүрүп коюп үй бүлө мүчөлөрү олтуруп алып мына ушул оюнду шырдак же ала кийиздин бетине чүкөлөрдү чачып ойноп убактыларын пайдалуу өткөрүшкөн. Заманга жараша андай шарттар жокко эсе саналып, ошентсе да оюнду калкка унуттурбоо максатында стол бетинде ушул оюндун ойнолушун, эрежелерди, өзгөчө оюнга ылайык дизайны бар столдун формасын иштеп чыктык. Кудайга шүгүр эл акырында аң сезиминде жоготуп алган нерсесин кайрадан эстеп, жанданып ойногонго кызыкдар болуп келе жатышат.",- деп баса белгиледи Искендер Кожокеев.

             "Айкур" федерациясынын жакынкы максаттарынын бири катары аталган Упай оюнун 3. Дуйнөлүк Көчмөндөр оюнуна киргизүү болуп саналат.

 

Жылдызбек Турсунбаев 


Вернуться назад