Эң кыска психологиялык тест » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эң кыска психологиялык тест



Жайкы мезгилден пайдаланып, өзүнүздүн жеке табияттан берилген артыкчылыктарыңызды тактап алыңыз.
Кайсынысын тандайсыз:
А) бадыраң же помидор?
Б) коон же дарбыз?

 

Жооптордун варианттары:
Бадыраң жана коон
Бул тандоо айымдарга караганда, көбүрөөк мырзаларга мүнөздүү. Бул вариантты тандагандарда чыныгы эркекке тийиштүү сапаттар көп жана ар бир ишке олуттуу мамиле жасайт. Кайсы бир таасирдин алдына аз калышат жана ичкиликке, азгырыктарга берилбейт.
Бул тандоонун ээлери ийгиликтүү спортсмендер, саякатты сүйгөндөр. Мындай түгөйү бар айымдар дайым өздөрүн копсуздук ичинде сезишет, жоопкерчиликтүүлүгү ийгиликке, максатына тез жетүүгө жардамчы болуп, үй-бүлөлүк мамиленин да бекем болушун сактап турат.
А бул "тандемди" тандап калган айымдардан көп учурда жакшы жетекчилер чыгат, бирок үй иштерине эпсиз болушат. Жанында мындай түгөйү бар  мырзалар өмүр бою ишеничтүү, түшүнүктүү дос таптым дей берсе болот.

Помидор жана дарбыз
Бул эки таттууну тандагандар шайыр жана активдүү адамдар. Алар айланасында ким гана болбосун бат тил табышып кетүү артыкчылыгына ээ, бирок дайым эле бир калыпта болбостон, ачык, ичине эчтеке ката албаган  мүнөзүнүн айынан айланасындагыларга баарын бетке айтып, убак-убагы менен тарс жарылып турушу мүмкүн.
Бул типтеги эркектер гурман болушат. А айымдар болсо эмоцианалдуу, үй жаныбарларын жакшы көргөн, көп убактысын жакын адамдары үчүн арнаган коломтонун сактоочулары болушат. Алардын жанында сиз дайым жылуулукту сезип турасыз.

Бадыраң жана дарбыз
Бул тандоо ээлери көбүнчө жан дүйнөлөрүндө ача пикирлерди көп жашашат. Алар сырткы тынчтыкты сактоого жана сабырдуу болууга аракет кылганы дайыма  ички чыңалууну жаралуусуна себепчи болот. Бадыраң жана дарбызды тандаган мырзалар менен өмүр сүрүү кайсы күнү атылып чыгаары  белгисиз жанар тоого (вулкан) окшош. Аялдар арасында бул вариантка өз тандоосун бергендер  чымындан пил жазаганга жакын, чыр мүнөздүү болушат. Бул типтеги адамдардын көбү чыгармачыл. Алар  катардагы адамдын оюна келбеген нерселерди жасашып, бадыраң менен дарбызды тандагандардын арасынан көп учурда окумуштуу, ойлоп табуучулар чыгат.

Помидор жана коон
Эгерде сизге жашылча, жемиштерден дал ушул экөө жакын сезилип атса, демек сиз токтоо, өзүнүздү дайым бир калыпта алып жүргөн, ар бир чечимди жети өлчөп бир кескен адамдардын катарын толуктайсыз. Сиз буюмдун коозун, көркөмдүүсүн тандап, табитиңиз эң мыкты. Бул типтеги мырзалардын да жан дүйнөсү назик болуп, көп учурда музыкант, сүрөтчү сыяктуу кесиптерди тандашат. Жалпысынан чыгармачылык жашоосунун басымдуу бөлүгүндө орун алат. Айымдар арасында, коон жана помидорду тандагандар сезимдерин билдирүүдө ачык, сүйүүдө туруктуу, тандаган мырзасы анын сүйүүсүн дайым сезип турат. А бул типке кирген эркектер көп учурда өзүмчүл болуп, өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коет.

P.S.

Түгөйлөр арасында эң ийгиликтүү  үй-бүлө куруу үчүн тандоо төмөндөгүдөй болсо чечим "жемиштүү "болоорун психологдор билдирет:
•    "Бадыраң жана коон" тандаган мырза + "бадыраң жана дарбыз" тандаган айым;
•    "Помидор жана коон" тандаган мырза + "бадыраң жана коон" тандаган  айым;
•    "Бадыраң жана дарбыз" тандаган мырза + "помидор жана дарбыз" тандаган айым;
•    "Помидор жана дарбыз" тандаган мырза + "помидор жана коон" тандаган айым;

 

Которгон: Шатгүл Айтбек кызы.
Маалымат булагы: https://www.adme.ru/svoboda-psihologiya/samyj-korotkij-psihologicheskij-test-667505/

Эң кыска психологиялык тест Эң кыска психологиялык тест Эң кыска психологиялык тест

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться