ЮНЕСКОнун тизмесине кирген “Кешкек” тамагы кантип жасалат? » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ЮНЕСКОнун тизмесине кирген “Кешкек” тамагы кантип жасалат?

“Куттуу Рамазан” берүүсүндө “Кешкек” тамагын жасадык.



Ыйык Рамазан айына карата “Манас” телеканалынын “Куттуу Рамазан” берүүсү көрүүчүлөрдү түрк дүйнөсүнүн бай ашканасы менен тааныштырууну улантууда. Бул жолку чыгарылышта Түркиянын Самсун шаарына таандык салттуу “Кешкек” тамагы даярдалды.

 

Берүүнүн коногу Асие Өксүз менен биргеликте жасалган бул даам, түрк элинин кылымдарды карыткан ашкана маданиятынын өзгөчө үлгүсү болуп саналат. Буудай жана эт кошулуп узак убакыт бышырылган “Кешкек” көбүнчө майрамдарда, той-аштарда жана өзгөчө күндөрдө дасторконго коюлат.

 

Аталган улуттук тамак 2011-жылы ЮНЕСКО тарабынан материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

 

“Куттуу Рамазан” берүүсү аркылуу көрүүчүлөр Рамазан айынын берекесин сезип гана тим болбостон, түрк дүйнөсүнүн даамдарын даярдоонун сырлары менен да жакындан тааныша алышат.

Берүүнү бул шилтеме аркылуу көрүңүз.

 

Жазган: Элдияр Асылбеков


Загрузка плеера...


ЮНЕСКОнун тизмесине кирген “Кешкек” тамагы кантип жасалат? ЮНЕСКОнун тизмесине кирген “Кешкек” тамагы кантип жасалат? ЮНЕСКОнун тизмесине кирген “Кешкек” тамагы кантип жасалат?

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться