Университетибизде Түркиянын улуттук эгемендүүлүк күнү жана балдар майрамы өткөрүлдү.
Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде Түркия Республикасынын улуттук эгемендүүлүк күнү жана балдар майрамы чоң салтанат менен өткөрүлдү.
Майрамда, университеттин окутуучулар жана кызматкерлер жамаатынын балдары өз өнөрлөрүн тартуулашып, кызыктуу оюн, шаң-тамаша менен коштолду.
“Манас” университетинини ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, балдарды майрамы менен кызуу куттуктап, кубанычына ортоктош болушту. Концерттик программанын аягында балдарга жана ата-энелерине окуу жайдын ашканасынан сый тамак берилди.
Белгилей кетсек, майрамдан бир күн мурун балдар, бул майрамдын салты боюнча, университеттин ректорунун жана биринчи проректорунун иш орундарына конокко барышты.
Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу
Kısa Klip