Жаңы жылды утурлай » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаңы жылды утурлай

Жаңы жылды утурлай



18.12.2019 "Антидепрессант"  берүүсүндө Ажар Матрайимова конокто болду.  Ал Студенттик кеңештин мүчөсү жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти.

Эфир  учурунда  Ажар  Матрайимова алдыдагы иш-чаралар жөнүндө жана 19- декабрда боло турган  "Тамашоу"  боюнча сөз кылды.  Ал: " Быйылкы "Тамашоуго" АУЦА, КУУ, КГЮА өңдөнгөн университеттер келип катышышат" - деп билдирди. Ректор кубогуна талапкерлердин күчтүү экендигин да кошумчалады.

Мындан сырткары 20-декабрда " Manas awards 2019" иш-чарасы жөнүндө да бөлүштү. Бул иш-чарада "Жылдын келишимдүүсү", "Жылдын клубу", "Жылдын ырчысы" ж.б.у.с мыктылары аныкталаарын да айтып берди.

Белгилей кетсек, эфириибиздин коногу Студенттик кеңештин мүчөсү Ажар Матрайимова болду. Ал- Инженерия факультетинин 1-курсунун студенти.

 

Маектешкен:

Айтумар Мурзали кызы.

Токтобүбү Эркинбек кызы 

Нурайым Кудабаева 

 

Жазган:

Нурайым Кудабаева

 

Жаңы жылды утурлай

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться